Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Зеленский: Украина, АКШ жана Орусиянын кийинки сүйлөшүүсү Швейцарияда өтөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу боюнча Киев, Вашингтон жана Москва ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы кайра эле Швейцарияда өтөрүн билдирди.

Бул тууралуу ал британиялык журналист Пирс Морганга курган маегинде айткан. Баарлашуу 18-февралдын кечинде жарыяланды.

«Кийинки жолугушуу да Швейцарияда болот. Азыр мендеги маалымат ушундай. Албетте, биздин делегация кайтып келген соң телефон аркылуу алынган маалыматка караганда кененирээк маалымат болот», - деген Зеленский.

Украин президенти сүйлөшүүлөрдүн Швейцарияда өткөнүн туура көрөт.

«Жакынкы Чыгыштагы жана башка өлкөлөрдү урматтайм. Бирок эгер согуш Европада болуп жатса, тынчтык сүйлөшүүлөрү да Европада өтүшү керек деп эсептейм», - деди ал.

Президент кийинки айлампа так качан өтөрүн тактаган жок. Кечки кайрылуусунда ал сүйлөшүүлөр февралдын аягына чейин өтүшү мүмкүн экенин божомолдоду. Орус делегациясынын башчысы, президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жаңы жолугушуу жакын арада өтөрүн билдирген.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Зеленский аскердик маселелерде жылыш болгону менен саясий өңүттө азырынча натыйжа жок экенин айткан.

Мединский сүйлөшүүлөрдү «оор, бирок мазмундуу» деп мүнөздөгөн.

«РБК-Украина» басылмасы өз булагына таянып жазгандай, Москванын негизги талабы өзгөргөн жок. Бул Киев украин аскерлерин Донбасс аймагынан чыгарып кетиши керек деген шарт. Украин бийлиги өз аймагын берүүдөн баш тартууда. Зеленский буга чейинки маектеринин биринде украин эли мындай кадамды кабыл албастыгын жана кечирбестигин айткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG