20-22-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарында, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
21-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 8…13
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5
Бишкекте түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз, эртең менен жана күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 9…11° жылуу болот.