Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Газа тилкесинде Казакстандын армиясы тынчтыкты коргойт

Вашингтондо өткөн «Тынчтык кеңешинин» алгачкы жыйынына катышкандар, 19-февраль, 2026-жыл
Вашингтондо өткөн «Тынчтык кеңешинин» алгачкы жыйынына катышкандар, 19-февраль, 2026-жыл

Бейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп «Тынчтык кеңешинин» алкагында Газаны калыбына келтирүүгө 7 млрд доллардан көп каражат түшкөнүн билдирди.

Трамп кеңештин Вашингтондогу алгачкы жыйынында айткандай, Казакстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабия, Өзбекстан жана Кувейт жардам берүү пакетине салым кошту. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев анын өлкөсү эл аралык турукташтыруу күчтөрүнүн курамында Газага аскерлерди, анын ичинде дарыгер топторду жөнөтүүгө даяр деп айтты.

«Тынчтык кеңешин» түзүү демилгесин америкалык лидер өзү көтөргөн. Бейшембиде лидерлер анын биринчи жыйынына чогулду.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт ага 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышарын билдирген.

Ошондой эле кеңешке мүчө мамлекеттер Газада эл аралык турукташтыруу күчтөрүн түзүү үчүн миңдеген кызматкерди жөнөтүүнү да макулдашкан.

АКШнын президенти 23-январда Швейцариянын Давос шаарында «Тынчтык кеңешин» түзүү тууралуу документтерге кол койгон. Бул кеңеш Трамптын Газа боюнча планынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен колдоого алынган.

Кеңешке Түркия, Египет, Сауд Арабиясы жана Катар, ошондой эле Индонезия сыяктуу ири өнүгүп келе жаткан мамлекеттер кошулган. Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери жыйынга катышуу үчүн Вашингтонго барганы кабарланды.

Трамптын Газа планынын негизинде Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюмунун ортосунда октябрь айында кабыл алынган ок атышууну токтотуу келишиминен кийин «Тынчтык кеңеши» Газадагы убактылуу башкарууну көзөмөлдөөгө тийиш болчу.

Бирок кийин кеңештин төрагасы Трамп бул түзүм дүйнөдөгү башка жаңжалдарды да кароого ыйгарым укук алышы мүмкүн экенин билдирген.

Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк жана Евробиримдиктин эсебинде Газа тилкесин толук калыбына келтирүү үчүн 70 млрд доллар талап кылынат. Израилдин эки жылга созулган бомбалоосунан кийин палестин анклавы дээрлик бүт талкаланган.


Шерине

XS
SM
MD
LG