Орусия Казакстан жана Беларус менен чек арада туруктуу бажы көзөмөлүн киргизүүнү пландап жатат. Орус вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун айтымында, бул кадам ички рынокту «кыянат импорттон» коргоо үчүн жасалууда.
Оверчук Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги чек аралар ачык болгондуктан, Орусияга жергиликтүү өндүрүүчүлөргө “кыянат атаандаштык” жараткан товарлар келип жатканын белгиледи. Ал бийлик ошондой иштерге бөгөт коюу үчүн “чечкиндүү чара” көрөрүн кошумчалады.
Өрус өкмөтүнүн өкүлү өнөктөштөр менен сооданы либералдаштыруу менен кошо Орусияга келген товарлардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү зарыл деп билдирди.
Оверчуктун айтканына караганда, былтыр сентябрда Федералдык бажы кызматына орус-беларус жана орус-казак чек ара тилкелериндеги мобилдүү топторго ишин күчөтүү тапшырмасы берилген.
Ал иш туруктуу негизде жүргүзүлмөкчү.
Мындан тышкары былтыр жыл этегинде мамлекеттик көзөмөл органдары жана Росаккредитация Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн товарлардын стандарттарга дал келгени тууралуу сертификаттары менен декларациялардын мөөнөтүн убактылуу токтотуу укугу берилген.
Оверчук белгилегендей, мындай чара орус рыногун контрафакт өнүмдөн коргоого багытталган.
Шерине