Жоолукка асылат. Сакалын алдырат. Орусиядагы ксенофобия
Мамлекеттик Думага көп кабаттуу үйлөргө жана эл жашабаган имараттарга чогулуп намаз окууга жана башка диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору киргизилди. Диний жөрөлгөлөрдү үйүндө расмий катталган гана тургундар “жеке рухий муктаждыгы” үчүн өткөрө алышат. Мыйзам долбоорун 67 депутат демилгелеген, арасында фракция лидерлери да бар. РБК басылмасы белгилегендей, өзгөртүү “Абийир эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга сунушталууда. Анда аталган жайларда дааватчылык кылууга да уруксат берилбейт. Мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда тиешелүү өзгөртүүлөр Турак жай кодексине да киргизилмекчи. “Азаттык” акыркы жылдары диний көз караштан улам кысымга кабылган мигранттардын турмушу тууралуу баяндайт.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 25, 2026Нью-Йорк: Газаны колдогон, Израил премьерине каршы жүрүш
-
Сентябрь 25, 2026Кеон Мадрид: Кыргыздарды изилдедим, Ала-Арчадан жан дүйнөм ачылды
-
Сентябрь 24, 2026Өмүрбек Суваналиев: Президенттикке талапкерлигимди коем
-
Сентябрь 24, 2026БУУну реформалоо жана дүйнөдөгү согуштар
-
Сентябрь 23, 2026Китеп тартыштыгы боюнча кылмыш иши козголду
-
Сентябрь 21, 2026"Мамлекеттик бийлик үй-бүлөнүн менчиги эмес"
Шерине