Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

"Ыйгарым укугунан кыянат пайдаланган". Түштүк Кореянын экс-президенти өмүр бою кесилди

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл өмүр аягына чейин эркинен ажыратылды. Ал кутум уюштуруу жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө доо кетирүү аракети үчүн айыпталган. Экс-президент айыптоолорду четке кагып, мыйзамдын алкагында иш жүргүзгөнүн айтууда.

Өткөн айда мурдагы өкмөт башчы жана башка аткаминерлер да узак мөөнөттөргө кесилген. 2024-жылдын 3-декабрында ал маалдагы президент Юн Сок Ёл аскердик абал жарыялап, бирок депутаттар аны бир нече сааттан кийин жокко чыгарышкан.

19-февралда Сеулдун борбордук соту экс-президентти 2024-жылдын декабрында аскердик абал киргизүү аракетине байланыштуу айыптуу деп тапты. Прокуратура ал күч түзүмдөрүнүн жардамы менен парламент депутаттарына жана саясий атаандаштарына кысым көрсөткөн деген жүйөсүн келтирген. Сот мындай аракеттер өлкөдөгү демократияга түздөн-түз коркунуч жараткан деген бүтүмгө келди.

Судья өкүмдү окуп жатканда мыйзам чыгаруу бутагынын ишин бөгөттөө үчүн парламентке аскерлерди жөнөтүүнү конституциялык түзүлүшкө коркунуч деп сыпаттады.

Прокуратура экс-президентти өлүм жазасына тартууну сураган. Түштүк Кореяда өлүм жазасы сакталганы менен 1990-жылдардын аягынан тартып жогорку өкүмдү аткарууга мораторий киргизилген.

65 жаштагы Юн Сок Ёл бийлигинен кыянат пайдалануу жана кутумга шыкактоо үчүн айыпталды.

Ал өзү күнөөсүз экенин, президенттик ыйгарым укуктарынын алкагынан чыкпаганын жана оппозициялык партиялардын өкмөттүн ишин бөгөттөөсүнө көңүл бурдурууну көздөгөнүн билдирген.

Мурдагы президенттин адвокаттары сот өкүм чыгарууда далилдерге таянуу принцибин бузганын айтып, апелляция берип же бербөөнү экс-президенттин өзү менен кеңешерин айтышты.

"Бүгүн мыйзам үстөмдүгү кыйраган күн болуп калды окшойт. Өкүмгө каршы өйдөкү инстанцияга кайрылуунун, бул сот жараянына катышуубуздун кажети барбы деген суроо пайда болууда", - деп билдирди адвокат Юн Каб Кын.

Сот имаратынын жанына чогулган Юн Сок Ёлдун тарапташтары өкүмдү укканда анын акталарына үмүттөнүшкөнүн айтып, көзүнө жаш алып турушту.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти өмүр бою кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

Айрым кореялыктар бул сот башкаларга сабак болушу керек деп айтышты:

"Түштүк Кореянын жарандары ушунчалык бөлүнүп-жарылган, тирешүү күчтүү. Өлүм жазасына тартыш керек болчу. Ошондо башкалар андайга барбайт деген кепилдик болот эле. Аскердик абал киргизүүгө эч качан жеткирбеш керек", - деген ою менен бөлүштү Рейтер агенттигинин кабарчысы менен маекте Сеулдун тургуну Ко Чон Сук.

Юн Сок Ёлго каршы жалпы сегиз кылмыш иши козголгон. Январда ал сот адилеттигине бут тосууга айыпталып, беш жылга кесилген.

Буга чейин аскердик абал киргизүү буйругуна байланыштуу бир нече жогорку аткаминер соттолгон. 21-январда мурдагы премьер-министр Хан Дак Су кутумга катышкан деген кине менен 23 жылга эркинен ажыратылган. Башкалаанын соту саясатчы аскердик абал киргизүүдө "маанилүү рол ойногонун" аныктаган.

Атап айтканда, өкмөт башчы кабинеттин жыйынында жактыруу менен президенттин буйругуна "процессуалдык легитимдүүлүк" берүүгө аракеттенген деп табылды.

Ага чейин төмөнкү инстанциядагы сот 76 жаштагы Хан Дак Суну тергөөчүлөргө калп айткан жана жалган расмий документ жасаган деп күнөөлөгөн. Экс-премьер айыптарды четке кагып, күбө катары бурмаланган маалымат бергенин жарым-жартылай моюнга алган.

Юн Сок Ёл 2022-жылдын майы айынан бери президенттик кызматты аркалап келген. 2024-жылдын 3-декабрында аскердик абал жарыялаган. Ал алты сааттай гана созулганына карабастан бул окуя узак убакыт бою аймактагы эң туруктуу демократиялардын бири деп эсептелген Түштүк Кореяда олуттуу саясий жаңжалга айланган.

Депутаттар парламент имаратын курчоого алган коопсуздук аскерлеринин тосмосун бузуп кирип, аскердик абалды бир нече сааттын ичинде жокко чыгарышкан.

Андан кийин президентке импичмент жарыяланып, иштен четтетилип, былтыр жазда Конституциялык сот аны расмий түрдө кызматтан алган. Былтыр июнь айында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо либералдык көз караштагы Ли Жэ Мён бийликке келген.

Баса, өткөн айдын этегинде экс-президенттин аялы Ким Гон Хи диний уюмдан кымбат баалуу белектерди алганы үчүн бир жыл сегиз айга эркинен ажыратылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG