"Келечек" базарынын соодагерлери 20-февралда Ош шаардык мэриясына келип, базарды которуу маселесин чечүүнү талап кылышты. Айрымдары базарды мурдагы ордунда калтырууну суранышты.
Жаңы дайындалган мэр Жанарбек Акаев соодагерлерге дүйшөмбү күнү базардан жолугушууну убада кылды.
"Сиздер менен дүйшөмбү күнү жаңы базарга барып, ошол жактан жолугалы. Сиздер айтып жаткан сапатын көрөйүн. Бүгүн-эртең кыдырып, таанышып чыгайын. Мен бир күн да иштей элекмин. Бир нерсе айтып коеюн, бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек".
Жанарбек Акаев маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилерин, ишкерлерге мурункудай басым-кысым болбосун да айтты.
2024-жылы Ош шаарындагы сел Ак-Бууранын боюндагы борбордук базарды каптаган соң калаа сыртына жаңы базар курула баштаган. Былтыр шаардын ичиндеги “Бексултан”, “Кийим-кече” базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар “Жибек жолуна” которулган.
Ал эми “Келечек” базары аталган жаңы базарга 2026-жылдын март айында көчүрүлмөй болгон эле.
“Келечек” базарынын соодагерлери жаңы базарга көчүрүлүшүнө каршылык билдирип, бир нече ирет акция өткөрүшкөн. Алар базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен чоң акчага сатып алышканын, колунда “кызыл китептери” бар экенин айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип, кийин мэрия менен мунасага келишкен. (ZKo)
Шерине