Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) саламаттык сактоо министринин орун басары С.Р. С. мыйзамга каршы аракеттерге шектелип кармалганын билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына 20-февралдын кечинде жарыяланды.

Мекеменин билдирүүсүндөгү инициалдар саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген Сыдыгалиев Рыспек Сулкайдаровичтин аты-жөнүнө туура келет.

Коопсуздук комитети тараткан маалыматка караганда, министрдин орун басары 2022–2023-жылдары Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектеп турган мезгилде "жеке пайда табуу максатында карамагындагы кызматкерлерден системалуу түрдө акча чогултууну уюштурган".

Рыспек Сыдыгалиевдин жакындары же адвокаты азырынча бул тууралуу эч кандай маалымат берише элек.

УКМК саламаттыкты сактоо системасындагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Рыспек Сыдыгалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басарлыгына былтыр декабрь айында дайындалган.

Дагы караңыз

Манас шаарынын башчылыгына Абдупата Маткаликов дайындалдыТүштүк Кореянын өмүрүнүн аягына чейин кесилген мурдагы президенти элинен кечирим сурадыТрамп белгисиз учуучу объекттер тууралуу документтерди жарыялоону тапшырды