Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 20-январдан 19-февралга чейинки аралыкта борбор калаадагы "Ак ниет" балдар үйүнүн 15-16 жаштагы беш тарбиялануучусу дайынсыз болууда.
20-январь күнү саат 14:00 чамасында 16 жаштагы Лилия Токтомушеванын дайыны Жал кичирайонундагы №72 мектептен кеткенден бери билинбей жатат. 12-февралда 16 жаштагы Билал Мусурманкулов балдар үйүнөн саат 19:30да чыккан. 13-февраль күнү 15 жаштагы Нурболот Замирбеков, 17-февралда 15 жаштагы Кристина Суханова, 18-февралда 15 жаштагы Ислам Токтогулов жана 19-февралда аталган балдар үйүнүн дагы бир тарбиялануучусу - 17 жаштагы Айданек Дүйшеева №72 орто мектептен чыгып кеткенден бери дайынсыз. Фактылардын баарын Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы каттоого алган.
Булардан тышкары дагы эки кыз дайынсыз жок болуп жатканын ата-энелери милицияга маалымдашкан. 11-январь күнү Бишкектин Биринчи май милициясына арыз түшүп, 18 жаштагы кызы Мадина дайынсыз болуп жатканын билдирген.
25-январда Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына да жергиликтүү жаран кайрылып, 18 жаштагы кызы Чолпонай Калмаматова 16-январда, Бишкек шаарындагы 11-кичи районунда жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин маалымдаган.
Бишкек милициясы дайынсыз болуп жаткандар тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандарды 102 кыска номерине же төмөнкү номерлер аркылуу милицияга билдирүүнү суранууда:
+996 224 214 346
+996 706 575 793
+996 702 519 806
+996 550 102 238