Мындай жүрүштөрдү айрым эксперттер парламентти УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин таасиринен тазалоо аракети катары сыпаттап жатышат. Чынында эле ушундайбы?
"Анда баарыңыздарга рахмат. Мен төрдөн түштүм, ордума отурдум...". Бул Нурланбек Тургунбек уулунун өткөн апта парламент төрагалыгын тапшыргандан кийин айткан сөзү. Бирок ал өзү айткан депутаттык ордунда бир аптадан ашык отурган жок. 19-февралда өз арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясы аны мандатынан ажыратты.
Муну Тургунбек уулу мамлекеттин кызыкчылыгы деп туюк түшүндүрүп, "жетимиш бешчилердин кайрылуусу" деп аталган ишке, алардын кол топтоосуна аралашпаганын жазды:
"Акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим".
Анын алдында дагы бир депутат Элдар Сулайманов да Боршайкомго арыз жазып, депутаттыктан кеткен. Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдун уулу бул чечимине түшүндүрмө берген жок.
Парламенттеги мындай батыл өзгөрүүлөр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынан кийин орун алды.
Журналист Төлөгөн Сулайманов мындай талдоосун ортого салды:
"Так айтыш керек, Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын 60-70% кызматтан кеткен вице-премьердин (ред: Ташиев) кыйыр же тикелей колдоосу менен келген. Биз муну жашырбай айтышыбыз керек. Ошол депутаттар президент менен вице-премьердин ортосундагы тирешти күчөтүп ийишкен. Менимче, алар моралдык жоопкерчилигин сезиши керек, өлкөнү саясий олку-солкулукка алып келип койгону үчүн кетиши керек".
19-февралда Жогорку Кеңеште төраганын үч орун басарынын бири Карим Ханджеза бул кызматын тапшырып, ордуна депутат Болот Ибрагимов шайланды.
Элдар Сулайманов жетектеп келген Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине Элвира Сурабалдиева төрайым болуп шайланды.
Ушул эле күнү “Мекенчил” депутаттык тобунун төрагасы Кундузбек Сулайманов да кызматынан баш тартып, ордуна жаңы мандат алган Талант Мамытов шайланды. "Ата Журт" тобунун төрагасы Нурлан Азыгалиев да бул кызматынын кетип, аны Дастан Жумабеков алмаштырды.
Кундузбек Сулайманов президент артында турган, иш башкармалык демилгелеп жаткан айдоочуларды даярдоо процессин реформалоону парламентте сынга алган эле. Эки апта өтпөй ал позициясын кескин өзгөртүп, президенттин демилгесин колдой турганын ачык жарыялады.
Сулаймановдун мындай өзгөрүүсү №13 округдагы шайлоонун жагдайы алмашып, Талант Мамытов мандат алып, депутаттык топту колго алышы Ташиевдин кызматтан алынышынан кийинки учурда болгон окуялар.
"Өзүмдүн каалоом менен кеттим. Региондор калып кетти, мен такыр жыла албай калдым. Себеби лидерлик жөн эле эмес, азыр топтогулар 22 депутатка жетти. Алардын ар биринин маселеси бар. Аны чечип беришиң керек. Эртең элдин алдына барып не деп жооп берем? Лидер болуп алып силерге келгенге убактым болгон жок деймби? Эмки апта Токтогулга дагы кетем", - деди депутат Сулайманов.
Коомчулукта парламенттеги өзгөрүүлөрдү Ташиевдин парламенттеги позициясын азайтуу аракети деп айтылып жатканы менен депутат Сулайманов муну кадыресе көрүнүш деп мүнөздөйт.
Айрым булактар Жогорку Кеңеште мандатын тапшыра турган депутаттар дагы бар экенин, алдыда тармактык комитеттердин төрага жана орун басарларында, жада калса депутаттык топтордун курамында кескин өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын билдирди. Бирок бул маалыматты парламентарийлер расмий ырастай элек.
Мындан улам эми парламентте кандай өзгөрүү болот, ачыктык, талаш-талкууга орун берилеби деген суроо турат.
Юрист Нурбек Токтакунов депутаттар арасында саясий атаандаштык болушу керек деген пикирде:
“Парламент саясий атаандаштык үчүн. Ошол үчүн эки топ бири-бири менен күрөшкөн, талаш-тартыш болсо, жакшы эле болот. Өткөндө депутат Камила Талиева "чыдайбыз, күрөшөбүз" деп жатпады беле. Көрөлү. Мен парламентте саясий күрөш кайра башталат деп үмүт кылам. Кыргыз парламентинде мындай көрүнүш буга чейин да болгон. Сырттан башаламандык көрүнгөнү менен бул абал тартипти орнотот, бири-бирине көзөмөл жүрөт. Тең салмактуулук болот. Бул Садыр Жапаровдун өзүнө керек. Оппозиция болушу шарт”.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди кызматтан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды. Ташиевге жакын делген төрт министр да кызматтан алынды.
Мындай чечим 75 кишинин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесинен кийин кабыл алынды. Кайрылуу жолдогондордун бешөөнө "массалык башаламандык" деген берене боюнча айып тагылып, эки айга абакка жөнөтүлдү. Ушундай эле кине Ташиевдин билдирүүлөрүн таратып келген тарапташы Нургазы Анаркуловго да коюлуп, ал да эки айга камалды.
Атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков камалды. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков кызматынан алынды. Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев да камакка алынды.
Ташиев кызматтан алынышы боюнча чечимге комментарий берген, бирок андан кийинки кырдаал, чаралар боюнча үн ката элек.
Шерине