Ички иштер министри Ниязбековго "генерал-полковник", УКМК төрагасы Шабданбековго "генерал-лейтенант" наамы берилди

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын жетекчилерине аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. 23-февралда жарыяланган маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-полковниги” наамы берилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “генерал-лейтенант”, анын орун басарлары Акылбек Намазовго, Уран Шадыбековго, Алишер Эрбаевге “генерал-майор” наамы берилди.

Мындан тышкары коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев, министрдин дагы бир орун басары – Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Тариэл Отонбаев, Куралдуу күчтөрдүн абадан коргонуу күчтөрүнүн башчысы Талантбек Талипов да “генерал-майор” наамын алышты.

Башкы прокурордун жаңы дайындалган биринчи орун басары Малик Бектургановго “юстициянын генерал-майору” наамы ыйгарылды.

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Анын ордуна Жумгалбек Шабданбековду атайын кызматтын жетекчиси кылып дайындаган.

Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору, Акылбек Намазов атайын кызматтын жетекчисинин орун басары болуп бекитилген.

Буга удаа эле баш прокурордун орун басарлары алмашып, 14-февралда Малик Бектурганов биринчи орун басар болуп дайындалган.

Дагы караңыз

Мэрия "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды буза баштады Президент Жапаров Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшовдун катышканына комментарий берди Иранда бир нече университеттин студенттери каршылык акциясына чыкты Зеленский Орусия Украинанын энергетика тармагын бутага алганын билдирди