Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт

23-февралдан 26-февралга Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордогу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

24-февралда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 0…2° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Ксенофобияга кабылгандар көп". Орусиядагы мигранттар көйгөйү Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырды. Жогорку Кеңеште дагы кандай өзгөрүү болот? "УКМК саясаттан тыш болушу керек". Бийликтин атайын кызматты реформалоо аракетиПрезидент Жапаров Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшовдун катышканына комментарий берди Мэрия "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды буза баштады