Татарстанда дрон чабуулунан улам мунай станциясында өрт чыкты

Орусиядагы мунай станциясына жасалган чабуулдан кийин тутанган өрт. Архивдеги сүрөт.

23-февралга караган түнү Орусияга караштуу Татарстан жумуриятындагы Альметьевск шаарындагы өнөр жай аймагы дрон соккусуна кабылды. Атып түшүрүлгөн учкучсуз аппараттардын калдыктары мунай станциясына тийип, өрт тутанды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, жабыркагандар жок. Учурда дрон соккусунун кесепетин жоюу аракеттери жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы расмий ачык айтылган жок.

"Астра" басылмасы жана украиналык Телеграм-каналдар чабуул Калейкино айылынын жанындагы мунай станциясына жасалганын жазышты. Бул станция “Транснефть – Прикамье” компаниясына таандык. Ал мунай ташуу системасындагы ири түйүндөрдүн бири болуп саналат.

Андан тышкары дрон чабуулуна Орусиянын Белгород шаары жана Белгород облусу да кабылды. Чабуулдун натыйжасында турак үйлөрдө электр энергиясы, суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганын облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Ал 22-февралдын кечинде болгон кол салууну Украинадан көрдү.

Дүйшөмбү таңда Гладков чабуул маалында ракеталар жана дрондор колдонулганын тактады.

Воронеж облусунда энергетикалык объектилердин бири зыян тартканын губернатор Александр Гусев билдирди. Шаардын эки районунда электр энергиясы кыска убакытка өчүрүлгөн.

Ростов облусунда төрт райондо дрон атып түшүрүлгөн. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Москва, Самара, Ульяновск, Калуга, Саратов, Пенза жана Ярославль шаарларынын аэропорттору убактылуу аба каттамдарды токтотушканы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 23-февралдын таңындагы маалымкатында түн ичинде 152 украиндердин дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Расмий Киев Орусиядагы дрон чабуулдар тууралуу негизинен маалымат бербейт. Кээде гана ири чабуулдарды өз мойнуна алган билдирүү таратып, Кремлдин согуштук машинасын жүргүзүүгө жардам берип жаткан жайларга гана сокку урарын жүйө кылып келет. Ал эми орус армиясы төрт жылдан бери дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку урууда.

Киев облусунда Орусиянын 22-сентябрга караган түндөгү чабуулунда жараат алгандар 17ге жетти. Алардын төртөө балдар. Бориспол, Вышгород, Обухов жана Буча райондорунда да жабыркагандар бар.

Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, шаарда соккудан улам бир аял жана бала ооруканага түштү. Башкалаанын Святошинск районунда көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Түнү Одесса облусу да соккуга кабылды.

Украинанын Аба күчтөрү бул түнү Орусия 297 дрон жана 50 ракета менен чабуул койгонун, 33 ракета, 274 дрон жок кылынганын кабарлады.


Дагы караңыз

Мексикада Эл Менчо жок кылынган соң башаламандык күчөдүМэр Жунушалиев "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы жашыл аймак калыбына келтирилерин айтты ИИМ телефон аркылуу чет өлкөдө туруп алдамчылык кылгандарды аныктоо кыйын болуп жатканын билдирди