Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

ИИМ телефон аркылуу чет өлкөдө туруп алдамчылык кылгандарды аныктоо кыйын болуп жатканын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 674 кылмыш иши козголуп, анын 387синин бети ачылбай калганына көңүл бурду. Маселе парламенттеги Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 23-февралдагы отурумунда көтөрүлдү.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев соңку жылдары интернет жана банк иштери боюнча шылуундуктун жаңы түрлөрү улам чыгып жатканын белгилеп, мекемеде бул боюнча атайын бөлүм ачылганын маалымдады. Ал кылмыштын бети ачылбай калышынын бир себеби катары социалдык тармактардан байланышкан колдонуучулардын такталбай жатышын белгиледи.

“Чет өлкөдөн туруп алып, башка мамлекеттин жарандары аркылуу жасалган кылмыштардын бетин ачуу кыйынчылык жаратууда. Кыргызстандагы кылмышкерлер болсо, аларды өзүбүздүн ыкмалар аркылуу таап, кылмыш жообуна тартып жатабыз”, - деди Абдиев.

Министрдин орун басары бул боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, ага карабай алданып калган учурлар бар экенин кошумчалады.

Депутат Примов телефондон шылуундардын жарнамалары улам чыгып жатканын белгилеп, мындай учурда кандай чара көрүлөрүнө кызыкты. Нурбек Абдиев бул багытта Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен кызматташып, алдамчылык үчүн колдонулган баракчаларды бөгөттөө боюнча кызматташарын тактады.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 796сынын бети ачылып, калган 862 кылмыштын бети ачылган эмес.

Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.

Улуттук коопсуздук комитети баштаган бир катар министрлик, мекемелер жетекчилердин атын атап кызматкерлерди алдагандар пайда болгонун маалымдашкан.

Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, сак болууну эскерткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG