Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Мексикада Эл Менчо жок кылынган соң башаламандык күчөдү

Немесио Осегера Сервантес
Немесио Осегера Сервантес

Мексикадагы эң таанылган маңзат аткезчилеринин бири, кылмыш дүйнөсүндө Эл Менчо деген каймана ат менен белгилүү Немесио Осегера Сервантес 23-февралда аскердик рейд маалында жок кылынды. Бул окуядан кийин өлкөнүн бир катар аймактарында башаламандык тутанды.

Буга чейин Кошмо Штаттар Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаумдан наркокартелдерге каршы операцияларды күчөтүүнү талап кылган.

Вашингтон фентанил сыяктуу синтетикалык маңзаттарды өндүрүп, чек ара аркылуу Кошмо Штаттарга ташыган кылмыштуу топторду түп-тамырынан жок кылууну талап кылган.

60 жаштагы Осегера Сервантес Тынч океандын жээгинде жайгашкан Тапальпа шаарында мексикалык атайын күчтөр жүргүзгөн операция маалында жарадар болуп, кийин көз жумганын өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Анын сөөгү жекшемби күнү түштөн кийин Мехико шаарына Улуттук гвардиянын катуу кайтаруусунда жеткирилди.

Маалымат каражаттары бул операцияга АКШ армиясы жетектеген жаңы атайын топ да катышканын жазышты. Кийин Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт АКШ чалгындоо жагынан колдоо көрсөткөнүн билдирди.

Ал ошондой эле Дональд Трамп жетектеген администрация операцияны ийгиликтүү өткөргөнү жана кызматташканы үчүн мексикалык аскер күчтөрүнө ыраазычылык билдирерин кошумчалады.

Эл Менчонун өлүмү тууралуу маалымат тарагандан кийин картелдин куралчан мүчөлөрү алты штатта ири жолдорду тосуп, автоунааларды жана ишканаларды өрттөшкөн.

Пуэрто-Вальярта деген белгилүү курорттук шаарда эс алып жүргөн туристтер социалдык тармактарда абалды «согуш болуп жаткандай» деп сүрөттөштү.

Аймактагы коопсуздук абалынан улам Air Canada, United Airlines, Aeromexico жана American Airlines авиакомпаниялары аба каттамдарын убактылуу токтотту.

Немесио Осегера Сервантес мурда полиция кызматкери болуп иштеген. Кийин ал Халиско жаңы муундагы картелин түзүп, аны жетектеген.

Акыркы жылдары Халиско жаңы муундагы картели Мексикадагы эң кубаттуу кылмыштуу уюмдардын бирине айланган.


Шерине

XS
SM
MD
LG