Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Ички иштер министри Ниязбековго "генерал-полковник", УКМК төрагасы Шабданбековго "генерал-лейтенант" наамы берилди

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын жетекчилерине аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. 23-февралда жарыяланган маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-полковниги” наамы берилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “генерал-лейтенант”, анын орун басарлары Акылбек Намазовго, Уран Шадыбековго, Алишер Эрбаевге “генерал-майор” наамы берилди.

Мындан тышкары коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев, министрдин дагы бир орун басары – Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Тариэл Отонбаев, Куралдуу күчтөрдүн абадан коргонуу күчтөрүнүн башчысы Талантбек Талипов да “генерал-майор” наамын алышты.

Башкы прокурордун жаңы дайындалган биринчи орун басары Малик Бектургановго “юстициянын генерал-майору” наамы ыйгарылды.

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Анын ордуна Жумгалбек Шабданбековду атайын кызматтын жетекчиси кылып дайындаган.

Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору, Акылбек Намазов атайын кызматтын жетекчисинин орун басары болуп бекитилген.

Буга удаа эле баш прокурордун орун басарлары алмашып, 14-февралда Малик Бектурганов биринчи орун басар болуп дайындалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG