Венгрия Орусияга каршы санкциянын 20-пакетин жана Украинага насыяны бөгөттөдү

Виктор Орбан

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 23-февралдагы жолугушууда Орусияга каршы санкциялардын 20-пакети боюнча бир пикирге келе алган жок. Маалыматты Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас тастыктады.

Буга чейин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто пакетти кабыл алууга каршы добуш бергенин билдирген. Евробиримдиктин чечимине Словакия да каршы экенин айтты. Чечим кабыл алынышы үчүн бардык мүчө өлкөлөрдүн бир добуштан колдоосу зарыл.

Каллас болгон окуяны ийгиликсиз көрүнүш деп атап, Орусиянын Украинага кеңири масштабдуу басып киришинин төрт жылдыгынын алдында бул Евробиримдик үчүн "жакшы белги эмес" экенин белгиледи. Буга чейин 20-пакет дал ушул күнгө символикалуу түрдө макулдашылат деп болжолдонгон, бирок азыр андай болбой турганы анык. Каллас билдиргендей, бул багыттагы иш уланууда.

Петер Сийярто Украинаны Венгрия менен Словакияга мунай келүүчү "Дружба" куурун атайылап иштен чыгарды деп айыптаган.

Украина бийлигинин маалыматында "Дружба" кууру аркылуу мунай жеткирүү январь айынын аягынан бери Орусиянын аткылоолорунан улам үзгүлтүккө учураган.

Киев Венгрия менен Словакиянын орус мунайын жана газын сатып алууну улантып жатканы Орусиянын Украинага каршы согушун каржылоого жардам берет деп айтууда.

23-февралдагы жыйында Венгрия буга чейин алдын ала макулдашылган Украинага 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя бөлүү чечимин колдоодон баш тартты. Венгрия, Словакия жана Чехия бул насыяга кепилдик берүүгө да макул болгон жок.

"Мен Украинанын 90 миллиард евролук аскердик насыя алышын колдобой турганыбызды так билдирдим, анткени украиндер бизди опузалап жатат. Алар Брюссел менен тил табышып, Венгриянын оппозициясы менен биригип, биздин энергетика тармагыбыздын жана жалпы Венгриянын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө", - деп билдирди Сийярто.

Ал Будапешт өз позициясын Украина "Дружба" кууру аркылуу мунай жеткирүүнү кайра калыбына келтиргенде гана кайра карап чыгарын билдирди.

Өткөн жылдын декабрындагы насыя берүү чечими Евробиримдик өлкөлөрү Украинаны каржылоо үчүн Орусиянын эсеби жабылган активдерин колдонуу боюнча бир пикирге келе албай калгандан кийинки компромисстик кадам болгон. Кая Каллас дүйшөмбү күнү эгер Венгрия насыяны бөгөттөөнү уланта берсе Евробиримдик Украинага каржылык колдоо көрсөтүүнүн жолун табуу үчүн эсеби жабылган активдер темасына кайтып келиши мүмкүн экенин айтты.

Рейтер агенттигинин жазганына караганда, Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга кат жолдоп, анда декабрда кабыл алынган чечимди аткаруу зарылдыгын белгилеген.

Дүйшөмбү күнү Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо "Дружба" мунай кууру калыбына келтирилмейинче Словакия Украинага электр энергиясын берүүнү токтоторун жарыялады.

Венгрия жана Словакия бийликтери Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнүн Украинага колдоосун сынга алып, өздөрүн биринчи кезекте "тынчтыкты көздөйбүз" деп мүнөздөшүүдө. Алардын бул позициясы эл аралык коомчулукта көп учурда "орусиячыл саясат" катары сыпатталып келет.

Дагы караңыз

АКШ аскерлери Сириядагы базалардан чыгарыла баштадыЗеленский: Донбасс, Херсон жана Запорожье аймактарынан украин армиясы чыгарылбайтАКШда коммерциялык айдоочулук лицензия (CDL) үчүн экзамен эми англис тилинде гана болотПрезидент Жапаров Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшовдун катышканына комментарий берди