Электр тарифи быйыл 27 тыйынга жогорулайт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 24-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында электр энергиясынын тарифи тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2030-жылга чейин ар жылы 1-майдан тартып тариф жогорулап турат. Быйыл 27 тыйын, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көбөйөт.

Азыр электрдин баасы 700 кВт/саатка чейин болсо 1 кВт/сааты 1 сом 37 тыйынды түзөт.

Министр 2030-жылы тариф электр энергиясынын өздүк наркына теңелерин белгиледи.

Ибраев быйылкы жылы энергетика тармагында жасала турган иштерди тизмектеп, Камбар-Ата-1 долбоорунун алкагында өкмөттөр аралык макулдашуу иштелип чыгып, кол коюлат. Үч-Коргон ГЭСинин эки агрегатын жаңылоо иштери аяктап колдонууга берилет.

Казарман жана Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдалат. Мындан тышкары Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын ишке ашыруу маселеси боюнча да иштер жүрөрү айтылды.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан жылга өсүп келет. Айрыкча кышкы керектөөдө өлкө катары менен рекорд жаңыртты. Мамлекет жетекчилери жана тиешелүү мекеме башчылары муну улам айтып, аны чечүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө.

Соңку жылдары Кыргызстандын жылдык керектөөсү 15-17 миллиард кВт/саат көлөмдү түзүп келген. Ошол эле маалда өлкөдөгү станциялар 12-14 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүп турган. Жетпеген энергия башка өлкөлөрдөн сатылып алынат.

Дагы караңыз

Райимберди Дүйшөнбиевге жана Жайлообай Нышановго мандат тапшырылдыУКМК Таласта ломбард мыйзамсыз алынган мүлктү ээлерине кайтарганын билдирдиВенгрия Орусияга каршы санкциянын 20-пакетин жана Украинага насыяны бөгөттөдүКамчыбек Ташиевдин уулу социалдык тармактарга тараган аудио боюнча үн катты