Орусиянын басып киргенинин төрт жылдыгына арналган кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө эгемендигин сактап калганын белгиледи:
“Орусиянын кол салуусунун алгачкы күндөрүнө кылчайып, бүгүнкү күнгө көз чаптырсак, биз өз көз карандысыздыгыбызды сактап калдык, мамлекеттүүлүгүбүздү алдырып жиберген жокпуз, Украина картада гана эмес, эл аралык мамилелердин субъекти катары өмүр сүрүүдө”, - деп айтты Зеленский.
Украин лидери орус мамлекет башчысы Владимир Путин согуш ачып жатканда Киевди үч күндө аларын билдирип келгенине, ошондон бери төрт жыл өткөнүнө токтолду:
“Бул биздин туруштук бергенибизди, Украинанын бул жылдар бою кантип күрөшкөнүн көрсөтөт”.
Анын алдында Financial Times гезитине берген интервьюда Зеленский украин аскерлери Донбасстан чыгарылган күнү да бекем тынчтык орнотуу үчүн бул жетиштүү болбойт деген пикири менен бөлүшкөн.
Орусия ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрүндө Донецк жана Луганск облустарын камтыган ал аймакты толугу менен өз көзөмөлүнө алуу шартын коюп келатат. Киев жерлеринен баш тартпай турганын айтууда.
“Чынын айтсам, Орусия ушундай гана талабы менен чектелерине ишенбей турам. Донбасстан чегинсеңер эле согуш аяктайт деп айтышат. Орусия деген Орусия, аларга ишенип болбойт”, - деп айтты Зеленский.
Украин президенти Орусиянын келечекте кол салуусун алдын алуу үчүн эл аралык кепилдиктер маанилүү экенин, Вашингтон администрациясы тынчтык келишимине макулдук алуу үчүн Москвага караганда Киевге көбүрөөк басым кылып жатканын белгиледи.
Зеленский Батыш өлкөлөрүн Кремлге экономикалык кысымды күчөтүүгө чакырды.
Ушул эле күнү Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге барды. Ал Европа Украинаны «адилет күрөштө» колдогонун бышыктоо үчүн украин башкалаасына ушуну менен 10-жолу барганын Х социалдык тармагындагы постунда жазды.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында кошуна өлкөсүнө жок жерден кол салган. Жүз миңдеген кишинин өмүрүн алган урушту токтотуу аракетинен майнап чыга элек.