Бакыт Төрөбаевдин ордуна Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 24-февралда кол койду.
42 жаштагы Эрлист Акунбеков кесиби боюнча экономист. Буга чейин Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Ош филиалында иштеген. Кийин ишкердик менен алектенген.
2014-жылдан бери Кыргызстандын жер семирткич ташуучулар ассоциациясынын төрагасы.
Мунун алдында Төрөбаевдин тууганы менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү жана бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин экенин ырастаган. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранганын айткан.
Тараган аудиодогу Төрөбаевдин тууганы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев менен мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовго ишканасын тарттырып жибергенин айтканын угууга болот.
Таймурас Ташиев да бул тууралуу “Регион” каналына түшүндүрмө берип, ал жерди тартып алган деген дооматты четке каккан.
Төрөбаев 2022-жылдын 30-мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалап келди. Ал Жогорку Кеңештин 4, 5, 6 жана 7-чакырылыштарынын депутаты. 2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.
Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан алынганын 24-февралда президенттин администрациясы маалымдады.