Кыргызстанда боорун алмаштырган 578 жаран жашайт

Жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоо операциясы үчүн алынган медициналык аппараттар. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда боорун алмаштырган 578 жаран жашайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер комитетинин 24-февралдагы отурумунда билдирди.

Былтыр жыл ичинде, Саламаттык сактоо министрлигинин Жугуштуу оорулардын жайылышын көзөмөлдөө департаментинин башчысы Нуржамал Шейшееванын айтымында, Кыргызстанда гепатитке чалдыккан 8555 бейтап катталган. Алардын 75и бул оорунун В тибине, 56сы С жана 9у D тибине чалдыккан.

Акыркы убактарда гепатит А эң көп катталууда. Бул оору 14 жашка чейинки балдардын арасында арбын.

2024-жылдан тартып Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясы жасалып келе жатат.

Гепатитти алдын алуу жана дарылоого мамлекет 2026-жылга 492 млн 460 миң сом бөлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Миграциядан келгендерди үйлөнүү алдында медициналык кароодон өткөрүү сунушу айтылдыДамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЖурналисттер Украинадагы согушта 200 миңден көп орусиялык аскер өлгөнүн тактады Бакыт Төрөбаевдин ордуна Эрлист Акунбеков дайындалдыКыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке орноштурууга бир нече компанияга уруксат берилди