Укук коргоочу тергөө абагындагылардын укугу боюнча Бишкек шаар сотуна кайрылды

Рита Карасартова.

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жана анын №21 мекемесинин (СИЗО-1) жетекчилигинин үстүнөн Бишкек шаар сотуна кайрылды. Буга чейин ал ушул эле арыз менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Аталган сот ишти кароодон баш тарткан.

Укук коргоочу "Азаттыкка" билдиргендей, Бишкектин административдик соту иштин мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтирген.

"Бишкек шаарынын Административдик сотунун судьясы Э. К. Иманалиев административдик арызымды кайра мага кайтаруу жөнүндө аныктама чыгарыптыр. "Сиз СИЗО аракет көрбөгөнүнө (бездействиеге) арыздандыңыз, алар сизге октябрь айында эле жооп бериптир, сиз сотко кайрылуунун үч айлык мөөнөтүңүздү өткөрүп жибердиңиз" деп жооп бериптир. Мен сентябрдын аягында абактан чыктым да, 10-октябрда "менин укугум тебеленген" деп кайрылгам. Тергөө абагы мага жооп бергенде датасын кайра эле 10-октябрь деп жазып коюшкан. Судья ошону көрө калып мага "мөөнөтү өтүп кетиптир" деп жооп бериптир. Ошондуктан мен бүгүн Бишкек шаардык сотуна жеке арыз менен кайрылдым, ал жерге мөөнөт өтө электигин далилдеп койдум. Эми көрөлү, Бишкек шаардык сотунун коллегиясы кандай чечим чыгарат экен. Административдик сотко арызды карап чык деп жиберсе экен деп күтөм", - деди Рита Карасартова.

Карасартова тергөө абагында кармалып турган жарандар жакындары менен бир жумада бир ирет 15 мүнөт телефон аркылуу сүйлөшүү укугунан пайдалана албай келе жатышканын, тергөө абактары жана Жаза аткаруу кызматы алардын укуктарын бузуп жатканын белгилеп 10-февралда Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

Укук коргоочу 2006-жылы 30-августта өкмөт кабыл алган №631 токтомго ылайык, тергөө абагында отурган жаран жакындарына жумасына бир жолу телефон чалууга укуктуу болсо да иш жүзүндө уруксат берилбей турганын белгилөөдө.

Былтыр жыл соңунда өлкөнүн акыйкатчысы жабык жайларда аялдардын укугу тебеленип, алар басым-кысымга кабылып жатканын айтып чыкканда жаза аткаруу мекемеси андай фактылар жок экенин билдирген.

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондордун жана камакта кармалган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо мекеменин негизги приоритети экенин белгилейт жана алардын укуктарынын, анын ичинде медициналык жардам алууга болгон укугунун камсыздалышына кепилдик берет", - деп белгилеген ЖАМК.

Укук коргоочунун доо арызы тууралуу ЖАМК комментарий бере элек.

Кыргызстандагы түрмөлөрдө, тергөө абактарында кармалып турган адамдардын укугу бузулары тууралуу буга чейин да айтылып келген. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор иштеп турган мезгилде андай маалыматтар байма-бай чыгып турчу. (ZKo)

Дагы караңыз

ЕАӨБ: 2040-жылга карата Борбор Азия калкы 96 млн адамдан ашышы мүмкүнЖогорку Кеңеш министр кызматына Акунбеков менен Осмоновдун талапкерлигин жактырдыАктивист Өндүрүш Токтонасыров милицияга чакырылганын билдирдиTelegraph: Орусиянын чалгын кызматы Европадагы аскер базаларынын жанынан мүлк сатып алганТрамп Конгресске жылдык кайрылуусунда Украина жана Иран маселесине токтолду