Борбор Азия өлкөлөрүнүн калкы 2040-жылга чейин 96 млн адамга жетиши ыктымал. Мындай көрсөткүч аймактын инфраструктурасына олуттуу түйшүк жаратат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине курган маегинде Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов билдирди.
«2040-жылга карата, биздин эсептөөбүз боюнча, Борбор Азиянын калкы 96 млн адамга жетиши мүмкүн. Бул экономика үчүн кыймылдаткыч күч болушу керек. Бирок ошол эле учурда мындай сан инфраструктура үчүн чоң жүк. Ыңгайлуу өнүгүү үчүн энергияны натыйжалуу пайдаланууда жана суу ресурстарын башкарууда секирик керек», — деди Подгузов.
Божомолдоолорго ылайык, 2028-жылга чейин суу тартыштыгы жылына 5тен 12 кубометрге чейин жетиши мүмкүн. Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгү эскирген инфраструктуранын айынан жоголууда.
ЕАӨБ башчысы банк ирригациялык системаларды модернизациялоо, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана сууну санарип эсепке алуу боюнча долбоорлорду каржылоого катышып жатканын эске салды.
Подгузов ошондой эле географиялык фактордун аймактын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгиледи.
«Аймак океан портторунан 3 миң чакырымдан ашык алыстыкта жайгашкан. Мунун айынан соода 20–40% кымбаттайт, ал эми экономика жыл сайын 1,5 пайызга чейин өсүшүн жоготот. Муну “аралык салыгы” деп айтууга болот», — деди ал.
Банк башчысы кошумчалагандай, бул көйгөйдү транспорттук байланыштарды жакшыртуу аркылуу гана чечүүгө болот.
Ал Борбор Азия дүйнөдөгү эң ылдам өсүп жаткан аймактардын бири экенин белгиледи. 2026-жылы ЕАӨБ аймактагы беш өлкөнүн жалпы экономикасы 600 млрд долларга жетиши мүмкүн деп күтөт. ЮНИСЕФнин маалыматына ылайык, 2025-жылга карата аймактын калкы 84 млн адамдан ашты.
Шерине