26-февралдын аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт

26-28-февраль күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолу жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

26-февралда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, эртең менен жана күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 5…10

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2

Бишкекте түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалы аз, күндүз жаан жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 5…7° болот.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште тармактык эки комитеттин төрагалары алмашты Укук коргоочу тергөө абагындагылардын укугу боюнча Бишкек шаар сотуна кайрылдыӨзбекстанда 62 баланын уулануусуна байланыштуу кылмыш иши козголдуЕАӨБ: 2040-жылга карата Борбор Азия калкы 96 млн адамдан ашышы мүмкүнЖогорку Кеңеш министр кызматына Акунбеков менен Осмоновдун талапкерлигин жактырды