Өзбекстанда мамлекеттик бала бакчалардын тарбиялануучулары жапырт ууланган факты боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди. Зарыл экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.
Кылмыш иши «Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси боюнча козголду. Ага ылайык, айып пул салуу, бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө же беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.
21-февралда үч мамлекеттик бала бакчада тарбияланган 62 бала ооруканага жаткырылган. Алардын дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, кусуп, алсыз абалда болушкан. Балдар тамак-ашка ууланганы маалым болгон.
Акыркы жылдары Өзбекстанда бала бакчалардын тарбиялануучулары ууланган учурлар көбөйдү. Былтыр күзүндө Ташкент облусундагы бир нече бала бакчада тарбияланган 2 миңге чукул балада уулануунун белгилери аныкталган. Анда мекемелерди тамак-аш менен камсыздаган үч компаниянын жана сүт азыктарын жеткирген өндүрүш ишканасынын жооптуу адамдары кармалган.
"Озодлик" радиосу Ташкент облусундагы бала бакчаларды азык-түлүк менен камсыздаган Shark Milk Product компаниясы Аккурган районунун мурдагы акиминин уулуна таандык экенин аныктаган.
2021-жылы дал ушул компания Ташкент облусунун башка бала бакчаларындагы балдардын жапырт уулануусу боюнча иште да аталган. Анда Башкы прокуратура кылмыш иши козголгонун билдирген, бирок кийин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилген эмес.
Шерине