Бишкек шаардык соту 26-февралда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апелляциялык арызын карап, ишти Биринчи май райондук сотко кайтарды. Бул тууралуу Ташовдун жактоочулары өтүнүч келтиришкен.
Шаардык сотко берилген апелляциялык арызда айыпталуучу Ташовдун арызы жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү боюнча өтүнүч иштин ичинде жок болуп чыккан. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
"Бул документтер райондук соттун кеңсесине өз убагында келип түшсө да, кызматкерлер аларды кылмыш ишинин материалдарына тиркебей эле шаардык сотко жиберишкен. Эми райондук сот ишти туура тариздеп, андан кийин гана кайра шаардык сотко өткөрүп бериши керек", - деп айтылган маалыматта.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.
Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.
25-февралда Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова уулуна козголгон кылмыш ишин жана камалышын текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.
Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.