Кыргызстандагы турак жайлардын 27,5% камсыздандырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.
Өлкө боюнча жалпы 1 миллион 215 миң турак жай болсо, анын 361 миңи камсыздандырылган.
2023-жылы 97 турак жайда кырсык катталып, аны калыбына келтирүүгө Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 13,5 миллион сом төлөп берген. 2025-жылы 247 окуя катталып, ага 32 миллион сом каралган.
Шаардагы үйлөр кырсыкка учураганда камсыздандыруунун эсебинен эң көп 1 миллион сом, айыл жергесинде 500 миң сом бөлүнөт.
Депутат Камила Талиева үйүн камсыздандырган жарандардын аз болуп жатышы ишенимдин төмөндүгүнө байланыштуу деген пикирин билдирди.
“Мисалы, үйү өрттөнүп кетти дейли. Кырсык. Ал жаран документтерин көтөрүп алып бир ай бою барбаган жери калбайт. Акырында чарчап, документтерин таштап коёт. Былтыр ушул боюнча Сүлүктү шаарынан жаран кайрылган. Үйү күйүп кетип эчен айлап жүрүп калган экен. Элдин ишеним индекси бар да, ошону күчөтсөңүздөр”, - деди Талиева.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 18 камсыздандыруучу компания бар. Турак жайларды камсыздандырууну бир гана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзүп жатат. Бир турак жай үчүн жылына айыл жергесинде 600 сом жана шаарда 1200 сом төгүлөт.
Шерине