Активист Өндүрүш Токтонасыров милицияга сурак берип чыкты

Өндүрүш Токтонасыров

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 26-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) суракка кирип чыкты. ШИИБдин 10-бөлүмү аны 24-февралда Орусиянын Украинага каршы согушунун төрт жылдыгына карата чыгарган билдирүүсү боюнча чакырып, сураган.

"Саат 11де кирип, азыр эле чыктым. Орусиянын Украинага басып киргенинин төрт жылдыгы боюнча Фейсбукка чыгарган видеом боюнча сурашты", - деди Токтонасыров "Азаттыкка".

Активистти коштоп барган укук коргоочулар суракка киргизилген эмес.

Ал Украинага тилектештик билдирген глобалдык акцияга катышып, видео кайрылуу жасаган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Токтонасыровдун суракка чакырылганы боюнча расмий маалымат бере элек.

Украинадагы согуш башталганы активист Өндүрүш Токтонасыров тилектештик катары социалдык тармактарда пикирин билдирип келет.

Активистке 2023-жылы 30-мартта Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Биринчи май райондук сотундагы отурумда укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.

Кийин сот Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган. Токтонасыров 2022-жылы 17-мартта согушка нааразылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыккан жана сот чечими менен 3 миң сом айыпка жыгылган.

Ошол эле жылдын 8-декабрында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке келишине каршы акцияга чыкканда аны милиция кармап кетип, кайра бошоткон.

67 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Журналисттер, медиа уюмдар президент Жапаровго кайрылуу жолдоштуЕБ өкүлү санкциядагы кыргыз банктары Орусияга көмөктөшкөнү тууралуу "ишенимдүү маалымат" бардыгын айттыОрус армиясы Украинага жапырт сокку урду, Харьковдо 16 киши жабыркады Дэвид О'Салливан: Евробиримдиктин санкцияcын кыргыз өкмөтү менен талкуулап жатабызЖапаров "бир досу кетсе, артында 7 миллион досу турарын", элдин тынчтыгын бузгандар аёосуз жазаланарын айтты