Axios: Зеленский согуш жыл аягына чейин аяктайт деп үмүттөнөт

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Axios басылмасы украиналык расмий өкүлгө жана башка булактарга таянып жазгандай, АКШ президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотууну кааларын билдирген.

Басылманын булагынын айтымында, Зеленский сүйлөшүү маалында согуш быйыл жыл аягына чейин аякташы мүмкүн деген үмүтүн билдирген. Трамп болсо согуш өтө узакка созулуп кеткенин айтып, аны бир айдын ичинде эле жыйынтыктоону кааларын белгилеген.

Эки лидер 25-февралда телефон аркылуу болжол менен 30 мүнөт сүйлөшкөн.

Axios маалымдагандай, маек достук жана позитивдүү маанайда өткөн. Украиналык расмий өкүлдүн жана дагы бир булактын сөзүнө караганда, Зеленский Трампка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, АКШ гана Кремлди согушту токтотууга мажбурлай алат деген пикир айткан.

Ошондой эле украиналык тараптын өкүлү басылмага Трамп Америка тынчтык келишиминин алкагында Украинанын коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр экенин ырастаганын билдирген.

Зеленский Трамп менен сүйлөшүүдөн кийин тынчтык жараянынын алкагында үч тараптуу жолугушуу март айынын башында өтөрүн жазды.

Жыл башынан бери мындай форматтагы сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы өттү. Эки жолу Абу-Даби шаарында, бир жолу Женевада.

Тараптар кандайдыр бир жылыш бар экенин айтышканы менен, али чечиле элек маселеле көп экенин моюнга алышкан.

Дагы караңыз

Депутат Ажибаев өзү тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын билдирдиCPJ: Былтыр дүйнөдө 129 журналист жана медиа кызматкери каза болдуАктивист Өндүрүш Токтонасыров милицияга сурак берип чыкты