Өткөн жылы дүйнөдө 129 журналист жана медиа кызматкери каза болду. Мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес. Алардын үчтөн экиси Израилде набыт болгон.
Бул тууралуу 25-февралда жарыяланган Журналисттерди Коргоо комитети (CPJ) уюмунун баяндамасында айтылат. Документтин авторлору 2025-жыл басма сөз өкүлдөрү үчүн эң кандуу жыл болгонун белгилешкен.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун маалыматына ылайык, 2025-жылы Израилдин аткылоосунун кесепетинен 86 журналист каза тапкан. Алардын 31и Йемендеги медиа борбордун кызматкерлери болгон.
Авторлор Газада маалыматты тактоо өтө кыйын болгондуктан, курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертишкен.
Израил армиясы Газадагы операциялары куралчан топторго гана багытталганын, бирок согуш аймагындагы аракеттер өзгөчө кооптуу экенин билдирген.
Израилдин бийлиги өткөн жылдын сентябрында Йемендеги медиа борборго сокку урганын моюнга алып, аны хусилердин пропаганда борбору деп атаган.
Баяндаманын маалыматына караганда, 129 журналисттин кеминде 104ү согуштук аракеттерде каза болгон.
Газа жана Йеменден тышкары журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн катарына Судан, Мексика, Орусия жана Филиппин кирген.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Вашингтондогу элчилиги CPJнин баяндамасына комментарий берген эмес.
Ошол эле маалда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “2014-жылдан бери орусиялык маалымат каражаттарында иштеген 60тан ашуун адамдын өлүмүнө Киев жооптуу” деген билдирүү тараткан.
Орусия буга чейин журналисттерди атайылап бутага алганын четке каккан. Украина да орусиялык журналисттерге каршы чабуул жасаганын жокко чыгарган.
Өткөн жылы Украинада төрт журналист орус армиясынын дрон соккусунан каза болгон. Алардын арасында Елена Грамова жана Евгений Кармазин да бар. Экөө Донецк облусунун чыгышындагы Краматорск шаарында иштеп жаткан учурда набыт болушкан.
Шерине