Дэвид О'Салливан: Бишкекке санкция тууралуу сүйлөшкөнү келдим
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан Бишкекке келип, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолукту. 26-февралда ал "Азаттыкка" учкай маек куруп, ыктымал санкция жана ага байланыштуу сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып берди. Украинадагы согуштун төрт жылдыгына карата Еврошаркет санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга да чара көрүүнү карап жатканы өткөн ачыкка чыккан эле. Бул топтом уюм ичинде каршылык жаратып, качан кабыл алынары азырынча белгисиз болуп турат.