Нетаньяху Иранга каршы биргелешкен операция үчүн Трампка ыраазычылык билдирди

Иран. 2026-жылдын 28-февралы.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху соңку окуяларга байланыштуу элине кайрылуу жасады.

Ал Иранга каршы чогуу операция баштаганы үчүн АКШнын президенти Дональд Трампка “тарыхый лидерлиги” үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бир нече убакыт мурда Израил менен Кошмо Штаттары Ирандагы террордук режим жараткан коркунучту болтурбоо үчүн операция баштады. Акыркы 47 жылдан бери аятолланын режими “Израилге өлүм”, “Америкага өлүм” деген чакырыктарды жасап келди. Ал биздин каныбызды төктү, көптөгөн америкалыктарды өлтүрдү, өзүнүн элин азапка салды. Бул канкор террордук режимдин өзөктүк куралга ээ болушуна, бүткүл адамзатына коркунуч жаратышына жол берилбеши керек”,-деди Нетаньяху.

Ирандагы маалымат каражаттары израил-америка соккуларынан беш шаар жабыркаганын жазышты.

Fars маалымат агенттиги жардыруулар Тегерандан сырткары Исфахан, Кум, Каража жана Керманшах шаарларында дагы угулуп жатканын билдирди.

Ошондой эле атомдук станция турган Бушер шаарына дагы чабуул жасалганы тууралуу маалыматтар чыкты, бирок азырынча расмий бышыктала элек.

Израилдин Коргоо министрли Иран дагы ракеталар менен аткылай баштаганын, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын кабарлады.

Дагы караңыз

Израил Ирандан озунуп бул өлкөгө сокку урганын билдирди Дональд Трамп Иранга каршы ири операция башталганын ырастады Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти ТИМ АКШда кармалган кыргыз жаранынын иши көзөмөлдө экенин билдирди Билл Клинтон Эпштейн иши тууралуу конгрессмендердин суроолоруна жооп бердиБишкекте коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулатОккупацияланган аймактардан украиналык балдардын дагы бир тобу кайтарылды