Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Дональд Трамп Иранга каршы ири операция башталганын ырастады

АКШнын президенти Дональд Трамп атайын билдирүү жасап, Иранга каршы операция башталганын билдирди.

Ал өзүнүн Truth социалдык тармагына сегиз минуталык видео жарыялап, Иранга ракеталык сокку урууга Кошмо Штаттары түздөн-түз катышып жатканын ырастады.

“Америкалык аскерлер Иранда ири аскердик операция баштады. Биздин максат – америка элин коргоо, иран режими тараптан келген коркунучту жоюу”,-деди Трамп.

Ал ошондой эле Ирандын ракеталык өнөр жайын, ракеталарын талкалап “жер менен жексен кылышарын” белгиледи. Трамп Ислам революциясынын сакчылар корпусун курал-жарактарын таштап, багынып берүүгө чакырып, андай кадамга баргандардын коопсуздугу сакталарын айтты.

Мунун алдында Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иранга өлкөгө болгон коркунучту алдын алуу үчүн озунуп сокку урулганын билдирген.

Чабуулдарга жооп болушу ыктымал деген таризде Израилде өзгөчө абал жарыяланды жана жарандарга бомбалоодон калкалоочу жайларга жакын болуп туруу тууралуу эскертилди.

Ирандагы IRNA маалымат агенттиги Тегерандын борборунда жарылуулар болуп, коюу түтүн каптап жатканын маалымдады.

Reuters агенттиги Ирандын руханий лидери Али Хаманеинин өкүлүнө шилтеме кылып, ал учурда өлкөдө эмес экенин, корголгон жайда экенин жазды.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата “татаал чечим” кабыл алышы мүмкүн экенин эскерткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG