Иран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду

Иран Перс булуңундагы АКШнын аскер базаларына сокку урду. Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги Ислам революциясынын Сакчылар корпусуна шилтеме кылып жазды.

“Иран Катардагы Ал-Удейд, Кувейттеги Али ал-Салем, Бириккен Араб Эмирликтериндеги Ал-Дафра, ошондой эле Бахрейндеги АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бешинчи флотунун базасына сокку урду”,-деп жазылган маалыматта.

Reuters агенттиги Катардын борбору Доха шаарында жана Ал-Удейд аскердик базасында көптөгөн жардыруулар болгонун жазды. Өлкөнүн Коргоо министрлиги ирандык ракеталар жок кылынганын билдирди.

Ошондой эле Эр-Рияд (Сауд Арабиясы) менен Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирликтери) жарылуулар болуп жатканы тууралуу маалыматтар чыкты.

Ирандын Коргоо министрлиги, өз кезегинде, “аймактагы бардык америкалык базалар бутага алынарын” билдирди.


Дагы караңыз

Нетаньяху Иранга каршы биргелешкен операция үчүн Трампка ыраазычылык билдирдиИзраил Ирандан озунуп бул өлкөгө сокку урганын билдирди Дональд Трамп Иранга каршы ири операция башталганын ырастады Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти ТИМ АКШда кармалган кыргыз жаранынын иши көзөмөлдө экенин билдирди Билл Клинтон Эпштейн иши тууралуу конгрессмендердин суроолоруна жооп бердиБишкекте коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулатОккупацияланган аймактардан украиналык балдардын дагы бир тобу кайтарылды