Жакынкы Чыгыш: АКШ жана Израил Иранга сокку урду, Тегерандын жообу
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Иран АКШ менен Израилдин соңку чабуулдарына жооп иретинде АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине ондогон ракеталарды учурду. Катар ракеталык коркунучтан улам аба мейкиндигин убактылуу жапты жана зарыл болсо жооп чара көрүүгө даяр экенин билдирди. Маалыматтарга караганда, Дохада жана ал-Удейд аскердик базасынын аймагында жарылуулар угулган. Катардын Коргоо министрлиги ракеталар атып түшүрүлгөнүн маалымдады. 28-декабрда АКШ менен Израил Иранга каршы биргелешкен аскердик операциясын баштаган. АКШ президенти Дональд Трамп операциянын максаты “Иран режими жараткан коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоо", - деп билдирген.