Кемин-Бишкек жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты

Кеминден Бишкекке келаткан жолдо эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматта, кырсык 1-мартта саат 16:30 чамасында болгон. Бишкекти карай келаткан Hyundai Sonata унаасы бир машинени озуп өтүп, каршы тилкеде келаткан Audi C4 унаасы менен кагылышкан.

Audi C4тө бараткан 68 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден жан берген. Автоунаанын айдоочусу 75 жаштагы жаран аймактык ооруканага жетпей жолдон каза болгон.

Hyundai Sonata автоунаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Кемин районун аймактык ооруканасына жеткирилген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет.

Дагы караңыз

Муфтият умрага барган ар бир жарандан комиссия алынып, имамдардын маянасына кошуларын билдирдиЭлдар Жакыпбековдун досу делген Балыкчы милициясынын башчысы Төкөлдөшев камалдыИран Израилге, Перс булуңундагы өлкөлөргө кайра сокку урду. Израил Иранды бомбалап жатат Ирандык басылмалар экс-президент Махмуд Ахмадинежаддын өлүмү боюнча маалыматты төгүндөдү