Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:57

Элдар Жакыпбековдун досу делген Балыкчы милициясынын башчысы Төкөлдөшев камалды

Чыңгыз Төкөлдөшев
Чыңгыз Төкөлдөшев

Ысык-Көл облусунун Балыкчы ИИБнын мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев 15-апрелге чейин убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) киргизилди. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Төкөлдөшев коррупцияга шектелүүдө.

27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында жалпы беш адам камакка алынганын билдирген. Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен иш козгогон.

УКМК бул иш боюнча ички иликтөө жүргүзүп, алты адам атайын кызматтын системасынан кетирилди, дагы алтоо ээлеген кызматынан бошотулганын, сегиз кызматкер тартип жазасына тартылганын кабарлаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Жакыпбеков баштаган адамдар баюу максатында туруктуу коррупциялык топ түзгөнү айтылган.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы экени айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды.

Мындан тышкары Элдар Жакыпбековдун жездеси, Чүй облусунун ШИИБнин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Руфат Абдуразаков, жакын достору Балыкчы ИИБнын башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-терөө кызматынын жетекчисинин орун басары Айзатбек Учбаев кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Ушул окуялардан кийин учурунда УКМКнын кызматкерлеринен кордук көргөнүн айткандар, бийликке кайрылуу жолдогондор болууда.

Жергиликтүү басылмалар УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча ишкерлерден, мамлекеттик кызматта иштегендерден 500дөй арыз түшкөнүн жазып чыкты. Башкы прокуратура арыздар бар экенин ырастап, бирок санын тактаган жок.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG