2-март күнү саат 18:44тө Токтогул районунун аймагында жана Кара-Көл шаарында жер титиреди.
Силкинүүнүн күчү 3.5 баллга жеткени, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экени кабарланды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында 3 балл, ал эми очогунда 3,5 балл болгон.
Силкинүүнүн очогу Кетмен-Төбө айылынан 17 чакырым, Кара-Көл шаарынан 20, Токтогул шаарынан 22 чакырым аралыкта болгон.
Январдын аягында Нарында күчү очогунда 4 баллды түзгөн жер титирөө катталган.
Жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын түштүгүндө, кыргыз-тажик чек арасында күчү 2,5-3,5 баллды түзгөн бир нече жолку жер силкинүү катталды.
Былтыр март айында очогу Казакстанда болгон жер титирөөнүн толкуну Талас, Чүй облустарында 4-5 баллга жеткен. Айрым райондордо дубалдарынан жарака кеткен үйлөр катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган.(ZKo)