АКШ менен Израил Иранга аба соккуларын улантып, Иран өз кезегинде башка өлкөлөрдү бутага алып жаткан маалда, 2-мартта Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 10% өсүп, баррелине болжол менен 80 долларга жетти.
Талдоочулардын божомолу боюнча, эгер жаңжал узакка созулуп, мунай инфраструктурасына соккулар уланып жана соода жолдору бөгөттөлсө, мунайдын баасы 100 доллардан жогору көтөрүлүшү мүмкүн. Бул 27-февралдан берки көрсөткүчкө салыштырмалуу болжол менен 37 % жогорулайт дегенди билдирет.
Соода булактарынын маалыматына ылайык, Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерге эскертүү бергенден кийин танкерлердин ээлери жана ири мунай компаниялары бул кысык аркылуу чийки мунайды, күйүүчү майды жана суюлтулган жаратылыш газын ташууну токтоткон.
Дүйнөдө экспорттолгон мунайдын 20% ашыгы Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.
Маалыматта айтылгандай, Ирандагы кризис Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн жана кара май иштетүүчү компаниялардын мунай корлорун, ошондой эле альтернативдүү жолдорду карап чыгууга мажбур кылды.
2-мартта Иран Сауд Арабиясынын чыгышындагы Рас-Танура шаарында жайгашкан Saudi Aramco компаниясынын мунай иштетүүчү заводуна чабуул койду. Рас-Танура комплексинде суткасына 550 миң баррелге чейин мунай иштете алган Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири жайгашкан жана ал сауд мунайы үчүн маанилүү экспорттук терминал болуп саналат.
Шерине