Карызы барларды өлкөдөн чыгарбоо тартиби тууралуу маалымат берилди

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстандыктардын өлкө аймагынан чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилиши боюнча Сот аткаруу департаменти түшүндүрмө берди. Ага ылайык, айып пул, алимент төлөбөгөнү үчүн сот чечими менен Кыргызстандан тышка чыгуусуна уруксат берилбеген жарандарга чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салынат.

Түшүндүрмөдө айтылгандай, жарандардын өлкөдөн чыгуу укугун убактылуу чектөө бир нече себептер менен коюлушу мүмкүн, ар бир чектөөнүн мазмуну жана аны алып салуу тартиби ар түрдүү.

Мамлекеттик органдар салган айып пулдар, анын ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн салынган айып пул мөөнөтүндө төлөнбөсө сот аткаруучу карызкордун өлкөдөн чыгуусун убактылуу чектейт. Бул чектөөнү алып салуу үчүн карызкор жаран аны толук өлчөмүндө төлөөсү тийиш. Төлөмдү мобилдик тиркеме аркылуу 24 саат ичинде төлөөгө болот, карыз толук төлөнгөн соң маалымат автоматтык түрдө жаңыртылып, чектөө алынат.

Алимент, салык, насыя акча жана башка акчалай карызы үчүн соттун чечими менен өлкөдөн чыгышына чектөө коюлат. Бул чектөөлөр карызкор жаран талаптарды толук аткарып, бардык карызын төлөгөндө, өндүрүүчүнүн жазуу түрүндөгү арызынын негизинде, аткаруу өндүрүшү мыйзамда белгиленген тартипте токтотулганда же аяктаганда сот аткаруучунун чечими менен алынат.

Ал эми кандайдыр бир кылмыш ишинин алкагында өлкөдөн сыртка чыгуусу чектелген жарандар үчүн сот аткаруу кызматы жооп бербейт. Чектөөнү алып салуу маселесин аны койгон тиешелүү орган же сот гана чечет.

Сот аткаруу кызматы жарандар карызы бар же жогун тактоо үчүн күнү-түнү иштеген 0503 39 40 44 телефонуна кайрылып же https://suddep.sot.kg/page/debtor сайты аркылуу билсе болорун маалымдады.

Чет өлкөгө чыгып жаткан кыргызстандык жарандар "Түндүк" тиркемесинде карызы бар же жоктугу тууралуу маалымат турса да, чек арада карызы бар деген жүйө менен сыртка чыгуусуна тыюу салынганын айтып, даттанган учурлар арбын. Бул маселе 2-март күнү парламентте да көтөрүлүп, депутаттар тиешелүү кызматтарды "так иштебейт" деп айыпташты. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин отурумунда депутат Жылдыз Садырбаева миң сом айып пул үчүн беш киши өлкөдөн чыкпай, Умрага бара албай калганын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Токтогулда жер титиредиАКШнын Куралдуу күчтөрү Ирандын 11 кемеси жок кылынганын билдирдиМИК "Азаттыктын" каарманы курьер келинге батир тапшырдыИлбирс издеген үч күн Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдө мунай баасы 10% көтөрүлдү