Ирандын Бишкектеги элчилигинин алдында соккуларда каза тапкандарды эскерген митинг уюштурулду

Иран элчилигиндеги митинг-реквием. Бишкек. 3-март, 2026-жыл.

3-март күнү Бишкектеги Ирандын элчилигинин алдында АКШ жана Израилдин операциясы учурунда аткылоодон мерт кеткендерди эскерүү жана Иран элине көңүл айткан митинг өттү.

Элчиликтен маалымдашкандай, эскерүүнүн уюштуруучулары Иран элине тилектештигин билдиришти. Ошондой эле мектепке чабуулда өмүрү кыйылган окуучу кыздардын жакындарына кайрат айтышты.

Иш-чарага ондогон киши - айрым кыргызстандыктар, Бишкекте жашаган ирандыктар жана журналисттер катышты.

Элчиликтин кашаасына согушту айыптаган жана Иран элине көңүл айткан жазуулар, Ирандын жогорку лидери, Аятолла Али Хаменеинин сүрөтү илинип, гүлчамбарлар коюлду.

АКШ менен Израил 28-февралда Ирандын аймагына жасаган аба соккуларда Али Хаменеи, Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, коргоо министринин бригадалык генералы Азиз Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси, генерал Мохаммад Пакпур өлгөнү ырасталган.

Тегерандагы Кызыл Жарым Ай коому 1-мартта АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынын натыйжасында Иранда чабуулдардан 555 адам каза болгонун 2-мартта билдирген. 28-февралда Хормозган провинциясындагы «Шажре Таййиба» аттуу мектепке жасалган ракеталык соккудан каза болгондордун саны 150дөн ашканы кабарланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, бул чабуулда 95тен ашуун адам жаракат алган, алардын көбү окуучулар болгон.

Бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн боло элек. (ZKo)

Дагы караңыз

"Советтик менталитеттен кете албай жатабыз"Президент Жапаров Омандан эки учак менен 300 кыргызстандык чыгарыларын айтты CENTCOM: Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командалык борборлору жок кылындыИранда катаал режим орноткон Хаменеи ким болгон, эмнеси менен эсте калды? Казакстан Ирандагы жарандарын Азербайжан, Түркмөнстан жана Армения аркылуу эвакуациялайтАбактагы акын Аскат Жетиген кыйноого кабылганын маалымдады