Элчи Кылычев: Тегеранда абал оор, элчилик ишин улантууда

Акылбек Кылычев

АКШ менен Израил Иранга сокку уруп, Тегеран аларга жооп иретинде Кошмо Штаттардын аймактагы бир нече өлкөдөгү аскерий жайларына чабуул коюуда. Соңку жагдайда Ирандагы кыргызстандыктардын абалы кандай? Бул суроону учурда Тегеранда иштеп жаткан Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевге жолдодук.

- Акылбек мырза, үч күндөн бери АКШ менен Израил Иранга сокку уруп, Тегеран аларга жооп кайтарууда. 28-февралда Тегеранда бир нече объект бомбаланып, өлкөнүн жогорку лидери аятолла Хаменеи баш болгон бир нече адам каза тапты. Учурда сиз турган Тегерандагы абал кандай? Иранда жүзгө чукул кыргызстандык бар экени айтылды, алар менен элчиликтин кызматкерлери кабарлашып жатабы?

- Бул жерде болуп жаткан жаңылыктарды сиз менден дагы жакшы билет болушуңуз керек. Анткени сиздерде интернет жана башка маалымат каражаттары жакшы иштеп жатат. Бизде интернет чектелген. Эми, согуш болуп жаткан жерде абал кандай болот? Абал оор эле. Биз турган өлкө эки мамлекет менен согушуп жатат. Тегеранда айрым дүкөндөр иштеп жатат, бирок шаардын көчөлөрү ээн. Калаанын жашоочулары коопсуз жайларга кетип калган сыяктуу. Мурун шаардын ичи толо киши болсо, азыр адамдардын, унаалардын кыймылын чанда гана байкап жатабыз.

Ал эми биздин жарандар боюнча айтсак, жүзгө чукул деп маалымат берип жатабыз. Көпчүлүгү көп жылдар мурун ушул ирандык жарандарга турмушка чыккан биздин кыздар экен. Эми алар бул жерде үй-бүлөсү бар, отурукташып калган адамдар. Алардын айрымдары былтыркы согуштан кийин чыгып кеткен экен. Элчилик дагы ушу кооптуу жагдай түзүлө баштаганда бардык жарандарга, бизде каттоодо тургандарга байланышып, мүмкүнчүлүк болсо чыгып кетүүгө чакырганбыз. Соңку күндөрү бизге эки жаран кайрылды. Аларды бүгүн эртең менен Азербайжанга чыгардык. Орусиянын элчилиги өз жарандарын чыгарып жаткан экен, алар менен сүйлөшүп, биздин жарандарды кошуп жөнөттүк.

Эгерде башка жарандарыбыз кайрылса, албетте, элчилик жардам берүүгө милдеттүү, жардам беребиз. Айласын таап, чыгарганга аракет кылабыз. Консулубуз күнү-түнү телефондо отурат. Биз күнү да, түнү да ачыкпыз. Мындай кырдаалда адамдын уйкусу деле жок. Биз бардык нерсеге даярбыз.

Дагы караңыз Трамп Британияны Иранга каршы "алгачкы соккуларга катышпады" деп сынга алды

- Сиз Иранда көп жылдан бери иштеп келе жатасыз. Мына соңку ирет Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалып, мен билгенден өткөн аптада Ирандын президенти Пезешкианга ишеним грамотасын тапшырганыңыз кабарланды эле. Ал учурда абал ушундай өзгөрөрүн күттүңүз беле? Дегеле Ирандын расмий бийлиги менен байланыш болуп жатабы?

- Өзүңүз айткандай, бир апта мурун, 24-февралда Ирандын президентине ишеним баракчасын тапшырдым эле. Ал иш-чара төрт күндөн кийин ракеталык сокку урулган жерде болгон. Бизди дагы Кудай сактаптыр. Учурда Ирандын расмий бийлиги прессага деле чыгып жатат. Алар жогорку руханий лидерин дайындайлы деген масилет куруп жатышат. Кайсы жерде, кайсы жайда экенин билбейбиз. Ал эми Тышкы иштер министрлиги менен айрым учурда гана байланышып жатабыз. Бирок кандай, эмне болуп жатат, маалымат алуу кыйын. Анткени бардык жерге сокку урулууда. Алар деле жашыруун, коопсуз жайларда олтуруп иштеп жатышат окшойт.

Дагы караңыз Ирандын Бишкектеги элчилигинин алдында соккуларда каза тапкандарды эскерген митинг уюштурулду

- Жалпысынан учурдагы кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экени буга чейин эле айтылып жатпады беле. Мисалы, Иран президенти менен жолуккан учурда бул өлкөнүн бийлигиндеги маанай, атмосфера кандай эле?

- Соңку учурда Ирандагы абал боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатпады беле. Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы жүрүп, техникалык жактарын талкуулайбыз деген маалыматтар келип жаткан. Акыркы жолугушууда Ирандын тышкы иштер министри Аракчи мырза көңүлү көтөрүңкү чыгып, мына, жакшы прогресске жеттик деп айткан болчу. Ал сүйлөшүүлөргө Омандын тышкы иштер министри ортомчулук кылып жаткан. Ал дагы эки тарап жакшы жетишкендиктерге ээ болушту, эми Венада кийинкисинде техникалык маселелер каралат дегендей маалыматтар чыккан. Дал ушундай шартта соккулар абдан күтүүсүз болду. Эки тарап сүйлөшүп жатып эле, бир тарап сүйлөшүүнү токтотуп, сокку уруп калганы, бул, менимче, туура эмес болуп калды окшойт.

Дагы караңыз Кызыл Ай коому: Иранда төрт күндө 787 адам каза тапты

- Сиз Кыргызстанда Иранды изилдеген окумуштуулардын бири болчусуз. Жакынкы Чыгыштагы абал, тарыхын жакшы билесиз. Учурда абал кандай өнүгөт деген суроо баарыбызды кызыктырып жатат. Айрымдар Иранда бийлик алмашуу менен аяктайт десе, айрымдар бул окуя Жакынкы Чыгыштагы ири жаңжалга айланбайбы деген чочулоосун айтууда. Сиздин көз карашыңызда окуялар кандай өнүгүшү жана аякташы мүмкүн?

- Абалдын кандай өнүгүп, эмне болорун алдын ала айтыш абдан татаал маселе. Анткени кырдаал деген минута сайын өзгөрүп жатат. Чоң жаңжалга айланбайбы деген коркунуч айтылып жатат да. Андай коркунуч бар. Мына азыр канча мамлекеттер ушул жаңжалга тартылып жатат. Бирок мындай өнүгөт, тигиндөй өнүгөт деп айтуу учурда өтө татаал маселе.