Франция Британиянын Кипрдеги аба базасына дрон чабуулунан кийин ал жакта ракетага каршы жана дронго каршы коргонуу системаларын жайгаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Франция коргонуу системаларынан тышкары аскердик кеме да жөнөтөт.
Француз президенти Эммануэл Макрон бул чечим тууралуу 3-мартта Кипрдин президенти Никос Христодулидиске билдирген. Кипр өкмөтүндөгү аты-жөнүн атагысы келбеген булак да бул маалыматты Рейтерге ырастаган.
Бул кадам 2-мартта британиялык RAF Akrotiri аба базасына эки ирет чабуул жасалгандан кийин кабыл алынды.
Биринчи чабуулда Иранда чыгарылган «Шахед» дрону учуп-конуу тилкесине тийип, бир аз залака келтирген. Бир нече сааттан соң дагы эки дрон чабуул койгон. Алар абада атып түшүрүлгөн.
Кипрдеги жогорку даражалуу өкүлдөрдүн айтымында, соккуну Ливандагы Иран колдогон «Хезболла» кыймылы урган болушу мүмкүн. Алар сокку Кипрге эмес, Британиянын суверендүү аймагы болуп саналган базага багытталганан белгилешти.
Британия 1-мартта АКШнын Иранга каршы «коргонуу мүнөзүндөгү» соккулары үчүн өз базаларын пайдалануу өтүнүчүнө макул болгонун билдирген. Бирок премьер-министр Кир Стармер кийинчерээк Британиянын Кипрдеги базаларын АКШнын бомбалоочу учактары колдонбой турганын айтты.
Кипр бийлиги Британиядан бул базалар гуманитардык максаттарда гана пайдаланылышын камсыздоону суранды.