Камалган журналист, активисттердин иштерин кайра кароо талабы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Абакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто 10-мартта каралмай болду. 3-мартта судьялардын бири ооруп калгандыктан отурум жылдырылды. Буга чейин Кыргызстандагы медиа уюмдар акыркы жылы журналисттерге, активисттерге "Жапырт башаламандык" жана башка оор беренелер боюнча козголгон иштер көбөйгөнүн белгилеп, коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам бул иштерге калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деген үмүтүн билдирген.Укук коргоочулар журналист, активисттерге мындай жазаны аша чапкандык катары баалап, акыйкат чечим болушу керек деп эсептешет.