Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Ош облусунун Ноокат районунда өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар – аутист, майыптыгы бар жана церебралдык шал оорусуна (ДЦП) чалдыккан балдардын билим алуусуна шарт түзүү керектигин айтып чыкты. Ал райондо 1296 баланын майыптыгы бар экенин, каттоого алынбагандары да көптүгүн белгиледи.
“Көптөгөн ата-энелер кайрылып жатат. Бул балдарга мамлекеттен бала бакча да, мектеп да, эч кандай шарт каралган эмес. Аларды коомго аралаштыруу үчүн Ноокат районунда кризистик борборбу же инклюзивдик бала бакча ачып берүүнү суранууда”, - деди Жаанбаев.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашат. Алардын ичинен 15 миңдейи туруктуу кароого, багууга муктаж.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматында Кыргызстанда 20 миңден ашык балада аутизм аныкталган. Аутист балдар иш жүзүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, алар үчүн атайын даярдоо класстары жок. Жалпы билим берүүчү мектепке албайт.