Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев былтыр декабрда түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиянын ишине кызыгып, бул тууралуу маалымат чыкпай жатканын белгиледи. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн комиссия мурдагы өнөктүктө каралбай калган жерлерге мунапыс берүүнү карап чыкмак.
“Комиссия иштеп жатабы? Ал көйгөйлүү жерлерге барып жатабы? Маалымат жок. Мага өзгөчө №172 жана №232 контур кызык. №172 контур боюнча 149 үй мунапыска илинген, бирок дагы эле документ бериле элек. Алардын жери эмне болору боюнча мага так маалымат берсеңиздер”, - деди Бекешев.
2021-жылы апрелде жер мунапысы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Анда ошол жылдын аягына чейин документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Жерди 2021-жылга чейин сатып алып, бирок үй тургузууга жетишпей калгандар бир эле жерде бир үй мыйзамдаштырылып, жанындагысы калып жатканын адилетсиздик деп аташкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунун №172 контурундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз үй курууга уруксат берген деген шек менен бир катар адамдарды кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.
Бишкек шаардык мэриясы №172 контурда 385 курулуш бар экенин, алардын арасындагы мыйзамга туура келбеген 236 объект буздуруларын билдирген. Бузуу иши тургундардын каршылыгы менен коштолуп, талкуу жараткан. Сөз болуп жаткан аймакка үй жана башка курулуштарды куруп алгандар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтып келишет.
Мэрия бул аймакка жер мунапысы берилбей турганын, себеби мыйзам боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөрдү мыйзамдаштырса болорун кабарлаган. Шаар бийлиги Көк-Жар жаңы конушундагы үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын кошумчалаган.
Шерине