Орусиянын абактарындагы кыргыз жарандарын экстрадициялоону күчөтүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев Орусияда абакта жактан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо процессин күчөтүү зарылдыгын айтып чыкты. Анын айтымында, соңку учурда Орусиядагы абак жайлардагы жарандарды Украинадагы согушка азгырып алып кеткен учурлар көбөйдү. Мындан улам кыргызстандыктарды жалданмачылыктан сактап калуу үчүн кошумча чараларды көрүү зарыл экенин айтты.

“Учурда Орусияда биздин 1100 жараныбыз жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Аларды экстрадиция кылуу боюнча ал жактагы элчиликте прокуратура өкүлчүлүгүн ачса болобу деген маселени карап берсеңиздер. Бул өкүлчүлүк ачылса экстрадиция маселеси ыкчам жүрөбү деген маселе”, - деди Сагынаев.

Депутаттын келтирген маалыматына караганда, 2025-жылы чет өлкөдөгү жабык жайлардан 234 жаран Кыргызстанга экстрадицияланган. Быйыл эки айда алардын саны 81 кишини түзгөн.

“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун да алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр да бар.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын армиясынын катарында согушка катышкан Кыргызстандын жарандары сот жообуна тартылган окуялар болгон.

Дагы караңыз

Жер мунапысы: Депутат Бекешев Көк-Жардагы талаштуу жер маселесин көтөрдү ЖАМК абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторуна камалганын ырастадыТрамп Иран маселесине байланыштуу Испания менен сооданы токтотуу ниетин билдирдиТрамп Иран тарап сүйлөшүүнү сунуштаганын билдирди