Израил Тегерандагы жашыруун өзөктүк борборго сокку урганын билдирди

АКШнын Дубайдагы консулдугуна дрон чабуулу жасалгандан кийинки көрүнүщ. 3-март, 2026-жыл.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Тегерандан алыс эмес жайгашкан "Минзадехей" жашыруун өзөктүк комплексине сокку урганын маалымдады. ЦАХАЛдын басма сөз кызматы кабарлашынча, жер алдындагы борбордо ирандык окумуштуулар өзөктүк куралдын негизги бөлүктөрүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатышкан.

Иран, АКШ жана БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) бул маалыматка комментарий бере элек.

ЦАХАЛ ошондой эле израил авиациясы Ирандын дрон учуруучу 300дөй түзүлүшүн иштен чыгарганын билдирди. Бул Иран тараптан Израилди аткылоо жайлап калганын түшүндүрөт.

28-февралдан бери АКШ менен Израил Ирандын аскер жана өзөктүк инфратүзүмүнө, ошондой эле өкмөттүк имараттарына сокку уруп келе жатат. АКШ президенти Дональд Трамп операциянын максаты Ирандын өзөктүк курал жасашына жол бербөө экенин билдирген. Иран жооп кылып Израилди жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскер базалары жайгашкан өлкөлөрдү аткылап жатат.

3-марттын кечинде АКШнын Дубайдагы консулдугу Ирандын дрон чабуулуна кабылганы кабарланды. Чакан өрт өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жоктугун эмирликтин бийлиги билдирди.

Bloomberg жазгандай, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио дрон консулдуктун унаа токтотмо жайына түшкөнүн, эч ким жабыркабаганын билдирди.

Дагы караңыз

ЖАМК абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторуна камалганын ырастадыОрусиянын абактарындагы кыргыз жарандарын экстрадициялоону күчөтүү сунушталдыНоокатта өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдарга шарт түзүү маселеси парламентте көтөрүлдүЖер мунапысы: Депутат Бекешев Көк-Жардагы талаштуу жер маселесин көтөрдү Трамп Иран маселесине байланыштуу Испания менен сооданы токтотуу ниетин билдирди