Жаз майрамын утурлай Кыргызстанга 4 млн даана гүл алып келинди

Гүл базар. Ош базары, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаз майрамын - Аялдардын Эл аралык күнүн утурлай Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи.

Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл - роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат.

Гүлдөрдүн басымдуу бөлүгү учактар менен ташылат. Негизинен Кения, Эквадор, Нидерланд, Колумбия жана Кытайдан импорттолот.

Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Календарда кызыл менен жазылып, эс алуу күнү болот.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Иранга жалпы 2 миңдей сокку урганын, анын 17 кемесин жок кылганын билдирдиБешиктеги бала менен иштеген курьер эне үйлүү болду Башаламандык беренеси менен соттолгондор: Абактагы журналист, активисттердин иши кайра каралабы? Сауд Арабиясынан Кыргызстанга аба каттамдары жандана турган болду