Кыргыз-тажик чек арасы: Инженердик тосуу иштери уланды

Кыргыз-тажик чек арасы. Инженердик тосуу иштери.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын инженердик тосуу иштери кайра жанданды. Чек ара кызматы быйыл Баткен аймагынан 200 чакырымдай, Ош облусунан 70 чакырымдай чек ара тилкесине зым тартыларын айтууда.

Жалпы 420 чакырымдай тосулушу керек жана анын 150 чакырымдайы өткөн жылы тосулду деп айтылды расмий маалыматта. Эксперттер бул иштер соңуна чыкса жалпы эле чөлкөмдүн коопсуздугуна, ошол эле маалда экологияга дагы оң таасирин тийгизерин айтууда.

Март айынын башынан тартып кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери кайрадан уланды. Бул жолу Баткен районунун Ууч жерлигинен башталган зым тартуу ишине Чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев өзү келип катышып, 420 чакырым чек ара тосуларын билдирди:

Абдикарим Алимбаев

"Быйыл 2026-жылдын 2-мартында кайрадан чек арада инженердик жумуштарды баштадык. Жалпысынан Баткен облусунан 200 чакырымды тосмолошубуз керек. Ош облусунан 70 чакырымды тосуп бүтүшүбүз керек. Жалпы 420 чакырым чек араны тособуз. Учурда мамлекет зарыл болгон бардык муктаждыктарды чечти, каражат, техника, өздүк курам, жумушчу күч боюнча көйгөй жок. Даярдык жакшы, жумуш башталды".

Өткөн жылы башталган чек арадагы инженердик иштер суук түшкөн мезгилде токтогон эле. Жалпы 150 чакырым аралык тосулган. Расмийлер чек ара такталгандан кийин аны тосмолоо коопсуздук үчүн өтө маанилүү кадам экенин айтууда.

Чек ара тилкесиндеги айылдарда тосмолор орнотулгандан кийин жашоо таптакыр өзгөрдү дейт Самаркандек айыл аймагынын башчысы Тайирбек Рахман уулу:

Тайирбек Рахман уулу

"Ушул чек ара тосмолору орнотулганга чейин биздин жарандарыбыздын мал-жандыктары кошуна Тажикстанга өтүп кетип, бир канча сүйлөшүүлөр, түйшүктөр менен алып чыкчубуз. Эми тосмолор бүткөндөн кийин бизде андай көйгөйлөр токтоп, чек арада маселе жаралбай калды".

Кыргыз-тажик чек арасын тактоонун узакка созулган тарыхы бир нече трагедиялуу жаңжалдар менен коштолгон. Чөлкөмдүн бүтүндөй коопсуздугуна коркунуч жаралган учурлар болгон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чек ара: 300 чакырымдай тилкеге зым тартылат

Чек ара боюнча абалга көп жылдан бери байкоо салып келген Хаитали Айкынов дүйнөдөгү геосаясий абал туруксуз болуп турган маалда бул аракеттер өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Хаитали Айкынов

"Бизге жакыныраак турган Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы жаңжалды, дүйнөдөгү азыркыдай кырдаалды эске алганда биздин аймакта чек ара деген өтө олуттуу маселебизге чекит коюлуп, тосмолонушу чоң мааниге ээ. Биздин элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн жаңжалдарга себепчи болуп турган чек ара көйгөйүнүн чечилиши маанилүү. Анткени чек ара тынчтыкты бекемдөөдө негизги факторлордун бири".

Айкынов чек ара тосулган сайын ыктымал жаңжалдардын болушу жокко чыгып жатканын кошумчалады.

"Кандай болгон күндө да эки тараптуу чек ара боюнча акыркы чечим кабыл алынды. Эми ошол чечимде көрсөтүгөн чек аралар, шарттар так аткарылышы керек. Ал жумуш учурунда улам чечилип кете берчү маселе. Мисалы, Ворух анклавынын айланасын тосмолоо, Ворухту Тажикстанга байланыштырган жол, Самаркандек тарапка өткөн эстакадалык жол курулушу. Булар жазылган, макулдашылган жеринен көрүп, жеринен чечим кабыл алып жыла бериш керек".

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым тилке 2011-жылга чейин такталып, өкмөттүк делегациялардын чечими менен бекитилген.

Ал эми калган 486,94 чакырым чек ара тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Азыр ушул тилкелерде инженердик тосмолорду орнотуу иштери жүрүүдө.